Кечээ, 26-сентябрда Казакстандын Мангыстау облусунда Каспий деңизиндеги машыгуулар учурунда каза болгон аскер кызматкерлери менен коштошуу зыйнаты өткөнүн казак басылмалары жазышты.
Маалыматтар боюнча, акыркы сапарга узатуу зыйнатына коргоо министри, Мангыстау шаарынын акими, Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, көрүнүктүү коомдук ишмерлер жана маркумдун жакындары катышкан.
Эске салсак, 24-сентябрда Каспий деңизинде окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурунда күтүүсүз бороон жана катуу шамалдан улам 17 аскер кызматкери деңизге агып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 14 аскер каза болгон.
Каза болгон жоокерлерге байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 25-сентябрды жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.