Акылбек Урунбаев таяк тартыш боюнча "Мистер Олимпияда" турниринде 95 килограмм салмакта жана абсолюттук салмак ченинде да чемпион болду.
Мелдеш АКШнын Лас-Вегас шаарында сентябрдын 24үнөн 27сине чейин өттү. Урунбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу кыргыз элине кубанычтуу кабары менен бөлүшүп, президент Садыр Жапаровдун колунан грамота алгысы келерин билдирди.
"Менин көп жылдан берки кыялым - Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиретип, Садыр Жапаровдун колунан грамота алуу", - деп жазды ал.