Биз социалдык тармакта

Петрашов баштаган кыргызстандык суучулдар өлкөгө келишти

Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, алар кечээ, 26-сентябрда келишкен. Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунда агенттиктин директору жана өкүлдөрү, машыктыруучулар жана спортчулардын жакындары тосуп алышкан.
Эске салсак, Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы ХХ Азия оюндарынын алкагында өлкө намысын коргоп, улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан