Биз социалдык тармакта

Дүйнө чемпиондугунда күмүш уткан парадзюдочу кыз өлкөгө келди

Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасы Тбилиси шаарында өткөн IBSA Judo World Championships дүйнө чемпиондугунан кайтып келди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бүгүн, 27-сентябрдагы маалыматы боюнча, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан спорт тармагынын өкүлдөрү, машыктыруучулар жана жакындары тосуп алышкан.
Эске сала кетсек, дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айбийке Уланбек кызы 52 килограммга чейинки салмак ченинде (J2 классы) күмүш медаль жеңип алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан