Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Мангыстау облусундагы машыгуулар учурунда каза болгон аскер кызматкерлери кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана берилгендиги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
Казак басылмаларынын жазгандарына караганда, Бауыржан Момышулы атындагы 2-даражадагы "Айбын" ордени взвод командири Мухтарулы Олжаска ыйгарылган.
Рахымжан Кошкарбаев атындагы 3-даражадагы "Айбын" ордени төмөнкү маркум жоокерлерге берилген.
Эске салсак, 24-сентябрда Каспий деңизинде окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурунда күтүүсүз бороон жана катуу шамалдан улам 17 аскер кызматкери деңизге агып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 14 аскер каза болгон.