Бишкекте 20 жаңы Yutong автобус каттамга чыкты. Алардын 17си күнүмдүк каттамда иштеп, 3 автобус түнкү нөөмөткө чыгат. Жаңы автобустар 153 каттамда — Бишкек аэропорту багытында жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Репортажда жаңы автобустардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтөбүз. 12,5 метрлик, үч эшиктүү автобуста кондиционер жана жылытуу системи, майыптыгы бар жарандар жана коляска менен жүргөн жүргүнчүлөргө ыңгайлуу орундар, кош бойлуу аялдар үчүн атайын кызыл түстөгү орундуктар бар. Көзөмөл камералар, кең жана жумшак орундуктар, айдоочу үчүн ыңгайлуу башкаруу жана атайын шарттар каралган.
Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасына заманбап 95 автобус алынып келинген. Автобустарды Кытайдын Yutong компаниясы чыгарган. Бардык автобустар бажылык тариздөөдөн өткөн.
Репортажды толугу менен порталыбыздын ютуб каналынан көрүңүз.