Бишкектин Новопокровка айылында автобус үйдүн дубалын сүзүп алды.
Калаанын транспорт департаменти билдиргендей, кырсык 27-сентябрда саат 11:00 чамасында Кирпичный көчөсүндө катталган.
№40 каттамындагы автобус акыркы аялдамада үйдүн дубалын сүзүп токтогон. Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар жок.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.