Биз социалдык тармакта

Бишкекте мас айдоочу электровелосипедчендерди сүзүп, алардын бири каза болду (видео)

Бишкекте 27-сентябрга караган түнү жол кырсыгы катталып, бир өспүрүм каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык саат 00:30 чамасында Тоголок Молдо көчөсү менен Фере көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, 1990-жылы туулган А.А. аттуу айдоочу Mazda-323 үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктү көздөй бара жатып, №273а үйдүн тушунда ошол эле багытта бара жаткан электровелосипедди сүзүп кетти. Кырсыктан электровелосипеддин 2008-жылы туулган жүргүнчүсү И.М. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 2009-жылы туулган айдоочусу А.Н. ар кандай жаракаттарды алып, №4 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди.

Унаанын айдоочусу милиция тарабынан кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, ал мас абалда болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.

Тоголок Молдо көчөсү менен Фере көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан