Түштүк Кореянын президентинин администрациясы Украинадан Түндүк Кореялык эки аскер туткунунун өлкөгө өткөрүлүп берилгени тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн кечирим суроону талап кылды. Бул тууралуу кечээ, 27-сентябрда чет өкөлүк маалымат агенттиктери билдирди.
Маалыматка караганда, Сеул менен Киев ортосунда туткундарды өткөрүп берүү тууралуу маалыматты жашыруун сактоо боюнча макулдашуу болгон. Бирок 23-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында Курск облусунда кармалган эки Түндүк Кореялык аскер Түштүк Кореяга өткөрүлүп берилгенин айткан.
Түштүк Кореянын бийлиги бул маалымат алдын ала макулдашууга карабастан жарыяланганын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы ишенимге доо кеткенин билдирген.