Ысык-Көлдүн Бает айылындагы “Boho” түнкү клубунун жанында курулуш калдыктары калгандыгы тууралуу тараган видеодон кийин жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган укук бузуулар боюнча жеке жак административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды.
Ошондой эле клубдун аймагында демонтаж иштери жүрүп жатканы эске алынып, курулуш калдыктарын толук тазалап, аймакты талапка ылайык абалга келтирүү милдеттендирилди.