Биз социалдык тармакта

АФК "Дордой" клубуна 20 миң доллар айып пул салды

Азия футбол конфедерациясы (АФК) Кыргызстандын «Дордой» футбол клубуна 20 миң доллар өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу 28-сентябрда Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Мындай чечимге 11-августтагы «Хомс Аль-Фидиа СК» клубуна каршы беттештин алдында стадиондогу медициналык бөлмөнү уюштуруу талаптарынын бузулушу себеп болгон.

АФКнын чечимине ылайык, клуб медициналык бөлмөнү белгиленген мөөнөттө толук уюштуруп, талапка ылайык жабдый алган эмес.

Айып пул 30 күндүн ичинде төлөнүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан