Нарын облусундагы Кара-Кече аймагына кар жаады. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасы социалдык тармактагы баракчасында видео менен бөлүштү.
Кара-Кече - Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан көмүр кендери менен белгилүү аймак. Ал жер деңиз деңгээлинен бийик жайгашкандыктан, аба ырайы кескин өзгөрүп, күз айларында кар жаашы кадимди көрүнүш болуп саналат.