Биз социалдык тармакта

Непалдагы кар көчкүдөн улам 21 адам каза тапты (видео)

Непалда жаан-чачындан улам болгон суу ташкынынан жана кар көчкүдөн улам 21 адам каза болуп, дагы 5 адам дайынсыз жоголгон. Бул туралуу бүгүн, 28-сентябрда чет элдик басылмалар өлкөнүн примьер-министри Балендра Шахжазынын берген маалыматына таянып жазышууда.

Маалым болгондой, жаракат алгандарга бекер дарылоо жүргүзүлдү. Ошондой эле өлкөнүн Мьягди, Долпа, Дхануша, Палпа, Баглунг, Ламжунг, Рукум Батыш, Кавре, Дхадинг, Макванпур жана Сурхет аймактарында адам өлүмү катталган. Бул кырсыктын айынан 700гө жакын үй-бүлө жапа чеккен жана 2 миңден ашык адам коопсуз жерге чыгарылды.

Непалдын армиясы кырсык болгон аймактарда бир сутканын ичинде 684 адамды куткарды. Төрт күндө өлкө аймагында нормадан ашыкча жаан жаады.

Непалда жаан-чачындан болгон суу ташкынынан жана жер көчкүдөн улам 21 адам каза тапты 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан