25-сентябрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын жанында бир нече бала жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн лифтинде калып калган. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тараган.
Маалыматка караганда, балдар лифтте болжол менен бир сааттай калып, авариялык кызматты күтүшкөн. Аларга милиция кызматкерлери жардамга келгенин байкоого болот.
Эскерте кетсек, бул өтмөк, Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде жайгашып, быйыл июнь айында ачылган. Ал майыптар, коляска менен бара жаткан ата-энелер жана кары адамдар үчүн арналган.