Социалдык тармактарда комузда кол ойноткон орус улутундагы кыздын видеосу тарады.
Видеодон анын майрамдык кечеде "Маш ботой" күүсүн аткарганын көрүүгө болот.
Интернет колдонуучулары орус кызынын кыргыздын улуттук аспабын өздөштүрүп, күү аткарганына суктанышып, жылуу пикирлерин калтырышууда.