
Талас облусунун Айтматов районунда мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен автобаза мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 28-сентябрда Башкы прокуратура маалымдады.
Аталган автобаза 2005-жылы сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде мыйзамсыз жеке менчикке өтүп, пайдаланылып келген.
Мындан улам жалпы баасы 94 ммллион сомду түзгөн автобаза 4,7 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.