Өзбекстандын бийлиги балдарга карата сексуалдык зомбулук үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева кечээ, 27-сентябрда билдирдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, мындай кылмыштар үчүн өлүм жазасы колдонулушу керек. Бирок учурда Өзбекстандын мыйзамдарында өлүм жазасы каралган эмес.
Бул билдирүү Наманган облусундагы бала бакчада 5 жаштагы кызга карата сексуалдык зомбулук боюнча кылмыш иши козголгондон кийин жасалды. Кылмышка шектүү катары 52 жаштагы бала бакчанын кампачысы кармалган.