
Ош шаарында пландаштырылбаган концертке билет сатып жүргөн жаран кармалды. Бул боюнча бүгүн, 28-сентябрда шаардык милициясы билдирди.
Маалым болгондой, 37 жаштагы шектүү жабырлануучуга Өзбекстандын ырчыларынын концертин Ошто уюштураарын, түшкөн каражатты бөлүшөөрүн айтып, 10 миң долларын накталай алган. Кийин изин жашырып кеткен.
Андан сырткары ушул жылдын август айында социалдык тармактар аркылуу "26-сентябрда “Бабур” театрында Өзбекстандын эстрада жылдыздары катышкан концерт болот" деп жарнама кылып, билеттерди 2000-4500 сомдон саткан. Андан соң качып кеткен.
Учурда арыз менен кайрылган жарандардын саны 9 адамга жетти.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Шектүү 2 айга абакка камалды.