Казакстандык спортчу Ясмина Токсанбаева Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында спорттук басуу боюнча жеңишинен ажырады. Бул тууралуу кечээ, 27-сентябрда чет өлкөлүк малымат каражаттары билдирди.
Ясмина Токсанбаева Азия оюндарында аялдар арасындагы 42,195 чакырымдык спорттук басуу жарышын 3 саат 22 мүнөт 20 секундда биринчи болуп аяктаган.
Алгач анын жыйынтыгы Казакстандын Азиададагы тогузунчу алтын медалы катары катталган. Бирок жарыштан кийин спортчунун кийген бут кийимине байланыштуу протест берилген.
Талаш анын ASICS Magic Speed 4 үлгүсүндөгү бут кийиминин Дүйнөлүк жеңил атлетика уюмунун талаптарына шайкештигине байланыштуу болгон.
Уюмдун 2026-жылдын 20-апрелинен күчүнө кирген эрежесине ылайык, жолдогу спорттук басууда колдонулган бут кийимдин таманынын калыңдыгы 40 миллиметрден ашпоого тийиш.
Айрым маалыматтарда Magic Speed 4 моделинин таманы 43,5 миллиметр экени айтылууда. Бирок бул көрсөткүч боюнча Дүйнөлүк жеңил атлетика уюмунун расмий түшүндүрмөсү азырынча жок.
Бүгүн, 28-сентябрда спортчу өзү социалдык тармактагы баракчасында жыйынтыгы жокко чыгарылганын билдирди. Ал окуя ага оор тийгенин айтып: "Биз аягына чейин күрөштүк",- деп жазды.