Ошто "Бими Ош Сервис" бажылык тариздөө жайынын колдонулбай турган имаратынан курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка караганда, ал жерден сейфтин ичинен 3 тапанча, 5 ок салгыч, 100гө жакын ар кандай калибрдеги ок, ошондой эле 3 рация алынган.
Учурда курал-жарактардын кайдан келгендиги жана жашыруун жайды ким уюштурганы такталууда. Тергөө иштери уланууда.