Биз социалдык тармакта

Маданият министрлиги Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыялады

Маданият министрлиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизиндеги скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна сынак жарыялады.
Жеңүүчү деп табылган долбоор Беларустун Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат. Сынак 29-сентябрдан 29-октябрга чейин уланат.
Байге фонду:
  • I орун — 200 000 сом;
  • II орун — 150 000 сом;
  • III орун — 100 000 сом.
Маалымат үчүн: Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин демилгеси менен 2018-жылы Минск шаарындагы сейил бакка жазуучунун ысымы ыйгарылган. Сейил бактын жалпы аянты 19,6 гектарды түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан