Бүгүн, 28-сентябрда Тажикстан тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2028–2029-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин билдиргенин чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.
Анын айтымында, Тажикстан Коопсуздук кеңешинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого салым кошууну көздөйт. Ошондой эле өлкө Ооганстан менен чек арадагы туруктуулукка жана аймактык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
"Биз бул жоопкерчиликке момундук жана чечкиндүүлүк менен мамиле кылабыз",- деди ал.
Мухриддин ошондой эле Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешине 2027–2028-жылдарга шайланышы менен куттуктады.