Бишкек шаарында Орусиядан Кыргызстанга ири өлчөмдөгү баңгизатты ташып келүү жана сатууга шектелген жубайлар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, почта аркылуу келген аба муздаткычты текшерүү учурунда анын конструкциялык көңдөйлөрүнүн ичинен 1 килограмм 126 грамм психотроптук зат салынган таңгак табылган. Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды өлчөө, таңгактоо жана бөлүштүрүү үчүн арналган полимердик баштыктар, электрондук таразалар жана изолента табылган.
Атайын операциянын натыйжасында өлкө аймагында психотроптук заттын 6800дөн ашык бир жолку дозасынын таркашына бөгөт коюлду.