Биз социалдык тармакта

Сейрек көрүнүш: Чилидеги Атакама чөлү гүлдөй баштады (видео)

Чилинин Атакама чөлүндө 2026-жылдагы сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айындагы жаан-чачындан кийин чөлдө көп жылдар бою топуракта уктап жаткан өсүмдүктөрдүн уруктары өнүп, гүлдөр чыга баштаган. Бийлик гүлдөрдүн саны сентябрда көбөйүп, октябрдын ортосуна карата эң жогорку деңгээлге жетерин күтүп жатат.

Белгилей кетсек, Атакама дүйнөдөгү эң кургак аймактардын бири болгондуктан, мындай көрүнүш сейрек кездешет. Чөлдө 200дөн ашык өсүмдүк түрү өсүшү мүмкүн.

Сейрек көрүнүш: Чилидеги Атакама чөлү гүлдөй баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан