Бүгүн, 28-сентябрда Ош шаарында заманбап Калкты тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.Туманбаев борбордун кызматкерлерине заманбап шарттар түзүлүп жатканын айтып, жакынкы күндөрү айлык акылар жогорулай турганын белгиледи.
"Октябрь айында айлык акыны көтөрүп беребиз. Турак жайга муктаж кызматкерлер МИК аркылуу үй менен камсыздалат",- деди ал.