Биз социалдык тармакта

Ясминанын Азиададагы жокко чыккан алтыны: Казакстандын УОКу билдирүү таратты

Казакстандын Улуттук олимпиада комитети жеңил атлетика боюнча спортчу Ясмина Токсанбаеванын Азия оюндарындагы жыйынтыгына байланыштуу түшүндүрмө берди.

27-сентябрда Токсанбаева Айти–Наго шаарларында өтүп жаткан Азия оюндарында спорттук басуу боюнча мелдеште биринчи болуп марага жетип, Кытайдын спортчуларын артта калтырган.

УОКтун маалыматына караганда, мелдештен кийин World Athletics уюмунун эрежелерине ылайык байге ээлеринин спорттук бут кийими милдеттүү түрдө текшерилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө техникалык делегаттар Токсанбаева кийген бут кийимдин модели эл аралык федерация тарабынан мелдештерге уруксат берилген моделдердин тизмесинде жок экенин аныкташкан. Бут кийимдин сүрөттөрү жана тиешелүү маалыматтар расмий корутунду алуу үчүн World Athletics уюмуна жөнөтүлгөн.

Корутунду чыкканга чейин сыйлык тапшыруу аземи кийинкиге калтырылган.

World Athletics Токсанбаева колдонгон бут кийимдин модели мелдештерге уруксат берилбегенин тастыктаган. Колдонуудагы эрежелерге ылайык, мындай учурда спортчунун жыйынтыгы жараксыз деп табылып, мелдештин жыйынтыктоочу протоколуна өзгөртүү киргизилет.

Учурда Казакстандын Улуттук олимпиада комитети апелляция берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан