Бүгүн, 28-сентябрда Кыргызстандын эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Тамара Жаманбаева 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан тастыкташты.
Тамара Жаманбаева 1943-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Ал 16 жашынан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде диктор болуп иштеп, кыргыз телевидениесинин алгачкы диктору болгон.
Маркум менен коштошуу аземинин убактысы жана дареги кошумча маалымдалат.
SUPER.KG порталы Тамара Жаманбаеванын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.