Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочу 80 миң сом айыпка жыгылды.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык МККБнын кызматкерлери шектүү айдаган Kia үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Текшерүү учурунда айдоочу мас абалында экени аныкталган. Наркологиялык мекемеде жүргүзүлгөн медициналык текшерүүдө анын алкоголдук ичимдик колдонгону тастыкталган.
Унаа айып короого киргизилип, айдоочуга 80 миң сом айып пул салынып, эки жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылган.
ИИМ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана мас абалында унаа башкарбоого чакырды.