Биз социалдык тармакта

Ош: Жолдордун сапаты тыкыр көзөмөлгө алынат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапары учурунда жолдордун сапаты боюнча подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Жыйында 2026-жылы курулуп, пайдаланууга берилген жана капиталдык оңдоодон өткөн жолдордун абалы, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы каралды.

Министр жол курууда бардык талаптарды сактап, иштин сапатына жоопкерчилик менен мамиле кылууну тапшырды. Аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча да көрсөтмөлөр берилди.

Буга чейин Ош шаарындагы бир катар жол тилкелери лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Натыйжада кемчиликтер аныкталып, айрым подряддык уюмдарга айып пул салынып, аларды белгиленген мөөнөттө оңдоо тапшырылган.

Министрликтин тиешелүү кызматкерлерине жолдордун сапатын мындан ары да тыкыр көзөмөлдөө милдети коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан