Биз социалдык тармакта

Чүйдөгү мектеп-интернатта кыздардын көбүнөн педикулез аныкталды

Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатта текшерүүдөн өткөн кыздардын көбүнөн педикулездин оор түрү аныкталды. Бул тууралуу 29-сентябрда Акыйкатчынын аппараты билдирди.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернаттагы балдардын жашоо шартын, ден соолугун жана укуктарынын сакталышын текшерген.

Интернатта жалпысынан 88 бала тарбияланат. Алардын 56сы эркек бала, 32си кыз. Медициналык кароодон 71 бала өткөн.

"Текшерүүдө балдардын дээрлик бардыгына тиш дарылатуу керектиги аныкталган. Ошондой эле көпчүлүгүнүн бою жана салмагы жаш курагына салыштырмалуу жетишсиз экени белгиленген. Айрымдарынан калкан безинин оорулары, экзема жана башка ден соолук көйгөйлөрү табылган. Өзгөчө кыздардын абалы көңүл бурдурган. Кыздардын көбү биттеп кеткен. Адистер санитардык-гигиеналык талаптарды күчөтүп, дарылоону өз убагында жүргүзүүнү сунушташкан", - деп белгиленди маалыматта.

Мындан тышкары, интернаттагы матрастарды, жаздыктарды жана төшөнчүлөрдү алмаштыруу керектиги айтылган. Аймакта таштанды төгүлгөн жай да аныкталган.

"Интернаттын болжол менен 30 гектар аймагы тосмолонгон эмес. Акыркы бир жылда тарбиялануучулардын өз алдынча чыгып кетүүгө аракет кылган алты учуру катталган. Ошондой эле алты жетим бала тиешелүү социалдык жөлөк пулдарды албай жатканы аныкталган. Учурда төлөмдөрдү алуу үчүн документтер даярдалып жатат", - деп кошумчаланды.

Акыйкатчы аныкталган көйгөйлөрдү жоюу жана балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан