Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Берилген маалымат боюнча, Панфилов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспекти, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен кесилишкен аймактарда таза суу саат 9:00дөн 20:00гө чейин өчүрүлөт.
Мэрия өчүрүү "Тоголок Молдо" суу топтогучунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлүүчү оңдоо-профилактикалык жумуштарга байланыштуу экенин белгиледи.
Ошондой эле "Бишкексууканал" ишканасы тургундардан суу камдап алууну суранды.