
Ош, Манас жана Баткен шаарларында студенттик жатаканалар курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги 28-сентябрда өткөргөн жыйында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында 9 кабаттуу 720 орундуу, Манас шаарында 9 кабаттуу 740 орундуу, ал эми Баткен шаарында эки блоктон турган 4 кабаттуу жатакана курулат.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев объекттердин курулушун тез арада баштап, анын коопсуздугуна көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Курулуш иштерин 2027-жылдын 31-августуна чейин аяктоо мерчемделүүдө.