Кыргызстанда медициналык кызматкерлер санариптик технологияларга окутулат.
Саламаттык сактоо министрлиги 29-сентябрда кабарлагандай, программага 40 миң медицина кызматкери жумушун үзгүлтүккө учуратпастан катыша алат.
Медкызматкерлер программанын алкагында санариптик системдерди колдонууну, медициналык маалыматтарды алмашуу тартибин үйрөнүшөт.
Аталган программа Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен иштелип чыккан.