
Бүгүн, 29-сентябрда өзбек күрөшү - кураш боюнча
Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарынын алкагында 66 килограмга чейинки салмак категориясында мелдешке катышты.
Алгачкы беттешинде ал Ооганстандын өкүлү Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде жеңди.
Чейрек финалда спортчу Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хуенсуну 10:0 эсебинде утуп, мелдештин жарым финалына жолдомо алды.
Жарым финалдык беттештер Кыргызстан убактысы боюнча саат 11:00дө башталат.