Бүгүн, 29-сентябрда Японияда болуп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Таиландга жеңилип калды.
Жыйынтыктоочу үчүнчү турдун беттешинде Кыргызстандык оюнчулар Таиландга 3:0 эсебинде жеңилип калган.
Буга чейин өлкө намысын коргоп жаткан волейболчулар Иран жана Индонезияга 3:0 эсебинде бирдей жеңилген. Мелдештердин жыйынтыгы менен 4-орунду ээлеп плей-оффко чыга албай калышты. Бирок алдыда жубатуучу мелдешти ойнору белгилүү болду.