Биз социалдык тармакта

Жаныш Майр Бишкектеги жер алдындагы өтмөктүн пандусун сынга алды (видео)

Актёр жана режиссёр Жаныш Майр Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктүн пандусун сынга алды. Ал бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда видео жарыялады.

Анын айтымында, пандус коляска менен жүргөндөр үчүн ыңгайсыз. Алтургай "майыптардын арабасы үчүн эмес, танк өтүшү үчүн жасалгандай" деп сынга алды.

Жаныш Майр күн сайын сейилдөөгө чыккан энелер балдарын коляскага салып, жолдун аркы бетине өтүүдө бул пандустан түшүү кыйын экенин айтып, өзү да аны колдонуп көрдү.

Ошондой эле ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мындай пандус менен жүрүү андан да чоң көйгөй жаратарын белгиледи.

Актер, Режисесер Жаныш Майр Байтик Баатыр көчөсүндөгү пандус жөнүндө сын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан