Биз социалдык тармакта

АКШнын Теннеси штатында акыркы 200 жылда биринчи жолу аял өлүм жазасына тартылат

Эртең, 30-сентябрда АКШнын Теннесси штатында 50 жаштагы Криста Пайк өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ал 1995-жылы 19 жаштагы классташ кызы Коллин Слеммерди өлтүргөнү үчүн соттолгон. Кечээ, 28-сентябрда Теннесси штатынын губернатору Билл Ли Пайкка ырайым кылуу тууралуу өтүнүчтү четке каккан. Эгер АКШнын Жогорку соту өкүмдү токтотпосо, Пайк Теннесси штатында акыркы 200 жыл ичинде өлүм жазасына тартылган биринчи аял болуп калат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Пайк кылмышты 18 жашында жасаган. Соттун маалыматына караганда, ал ошол учурда 17 жашта болгон жигити менен бирге 19 жаштагы Коллин Слеммерди өлтүргөн. Кылмыш иши анын ырайымсыздыгы жана жабырлануучунун денесине сатанизмдин белгиси түшүрүлгөнү менен коомчулуктун көңүлүн бурган.

1996-жылы Пайк адам өлтүрүүнүн биринчи даражасы боюнча күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына кесилген. Ал АКШнын азыркы тарыхында өлүм жазасына кесилген эң жаш аял болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан