Өзбекстандык ырчы Хамдам Собировдун "Peshta" аттуу ырынын клиби YouTube платформасында бир айдын ичинде 120 миллион көрүү топтоду.
Маалыматка караганда, ыр Жизак диалектинде аткарылып, социалдык тармактарда кеңири тарап, популярдуулукка жеткен.
Ал эми YouTube бул көрсөткүч үчүн ырчыга болжол менен 100 миң доллар төлөшү мүмкүн экени айтылууда.