
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору
Эдуард Кубатов 29-сентябрда Япониянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү
Юдзи Хара жана
Тадаси Симура менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин сүйлөшүштү. Анда мындан ары маалыматтык турларды көбөйтүү жана жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү боюнча айтылды.
Жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселеси да каралды.
Мындан тышкары, Япония тарап 2026-жылдын 1-декабрында өтө турган "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа курортунун расмий ачылышына чакырылды.
Сүйлөшүүлөр Tourism Expo Japan эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулду.