Кечээ, 28-сентябрда Бишкек санитардык полигонунун аймагында өрт чыкты.
Шаар мэриясы маалымдагандай, белгисиз адамдар тарабынан полигондун төрт тарабынан атайылап өрт коюлган. Тилсиз жоо болжол менен саат 20:30да башталып, саат 01:45те толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда окуянын себептерин жана өрттүн чыгышына тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.