Бүгүн, 29-сентябрда өзбек күрөшү - кураш боюнча Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекетттик агенттиги билдирди.
Спортчу 66 килограмга чейинки салмак категориясында мелдешке катышты. Алгачкы беттешинде Ооганстандын өкүлү Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде, чейрек финалда Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хуенсуну 10:0 эсебинде уткан.
Жарым финалдык беттеште Ирандык Вахид Бариманлоуго 0:3 эсебинде утулуп, үчүнчү орунду ээледи.