Биз социалдык тармакта

Орунбеков таштанды полигонундагы өрт боюнча коомчулукка кайрылды

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Бишкектин четиндеги мурдагы таштанды полигонундагы өрт боюнча билдирүү таратты.
Айтымында, акыркы жылдары полигондогу өрт толук өчүрүлүп, үстү топурак менен жабылып, аймак жашылдандырылган.
"Андан соң таштандыларды кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн заманбап завод курулуп ишке кирди. Бирок бүгүн түн ичинде мурдагы полигондун топурак менен жабылып, жашылдандырылган аймагында өрт чыкты. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, ал жерге кимдир бирөөлөр дөңгөлөктөрдү алып барып, бир нече жерден атайын өрт коюшкан. Өрт түнкү саат экилер чамасында толук өчүрүлдү", - деди ал.
Ошондой эле ал бул окуя атайын уюштурулган чагым болушу мүмкүндүгүн айтып, коомчулукту мамлекеттин жана коомдун мүлкүнө зыян келтире турган аракеттерден алыс болууга чакырды.
Бул факты боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштери башталды.
Орунбеков таштанды полигонунда өрт боюнча айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан