Социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери унааны токтоткону, андан түшкөн айдоочу качып кеткени тартылган видео тарады.
Кадрлардан унаанын ичинде спирт ичимдиктери турганы көрүнөт. Ошондой эле унаада бара жаткан адамдар жол тескөөчүлөрүнүн кесиптештери экени айтылууда.
Маалыматка караганда, кызматкерлер унаанын айдоочусунун текшерүү үчүн алып бара жаткан учурда ал жүрүп бараткан унаадан түшүп, качып кеткен.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Надырбек Жусупов 29-сентябрда бул маалыматты тастыктады. Анын айтымында, учурда окуя боюнча ички кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилери айтылды.
Эскерте кетсек, бул окуя тууралуу вице-спикер Болот Ибрагимов да социалдык тармактагы баракчасына видео киргизип, жооп күтүп жатканын жарыялады.