Бишкекте Иманалы Айдарбеков көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишинде автобус жеңил унаа менен сүзүштү.
Жеринде "Тез жардам" кызматынын унаасы турат. Видеодо жеңил унаанын арты терезеси күбүлүп түшкөнүн, ал эми автобустун алдыңкы айнегинен жарака кеткенин көрүүгө болот.
Азырынча расмий органдар маалымат берише элек. Бүгүн Бишкекте автобустун катышуусунда бир нече жол кырсыгы катталды.