Кыргызстанда жыл аягына чейин видеобайкоо камераларынын санын эки эсеге көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу 29-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков аппараттык кеңешмеде билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө 660 мектепте гана коопсуздук баскычтары бар. Министр жыл аяктаганга чейин мындай системди өлкөдөгү ар бир мектепке орнотуп чыгууну буйруду.
Ошондой эле ички иштер органдарынын жетекчилерине коомдук жайлардагы кылмыштуулукка, үй-бүлөлүк зомбулукка, жол кырсыктарына жана өспүрүмдөргө каршы багытталган укук бузууларга каршы алдын алуу иштерин күчөтүү милдети коюлду.