Бишкек шаарынын Чокон Валиханов көчөсүндө айдоочу рулга ээ боло албай, унаа арыкка түшүп кетти.
Унаа жолдон чыгып, жол боюндагы жашылдандырылган тилкеге кирип кеткен. Айдоочунун айтымында, унаанын дөңгөлөгү жарылып, андан кийин унаа капталга ооп кеткен. Кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.