Биз социалдык тармакта

Песков: “Ирандын өзөктүк курал жасоо планы жок экенин өнөктөштөр ырасташууда”

Иранда өзөктүк курал жасоо боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөй жатканын жана мындай куралды түзүү планы жок экенин өлкөнүн орусиялык өнөктөштөрү ырастап келишет. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков чет элдик басылмаларга билдирди.

Анын айтымында, Иран өзөктүк куралды таратпоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга берилген бойдон калууда.

“Биздин Ирандагы досторубуз жана өнөктөштөрүбүз ар кандай деңгээлде Иранда өзөктүк курал жасоо боюнча иштер жүргүзүлбөй жатканын жана мындай куралды түзүү планы жок экенин дайыма ырастап келишет”,- деди Песков журналисттерге.

Ошондой эле Песковдун айтымында, Иран өлкөдө атом энергетикасын тынчтык максатта өнүктүрүүгө умтулуусун улантууда.

Буга чейин Иран парламентинин вице-спикери Али Никзад парламент өлкөнүн өзөктүк куралды таратпоо жөнүндө келишимден чыгуу маселесин карап жатканын билдирген. Парламент президиумунун өкүлү Аббас Гударзи болсо келишимден чыгуу “толук мүмкүн жана оңой ишке ашырыла турган кадам” экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан