Биз социалдык тармакта

Орусиядан 1 миллион рублдан ашык накталай акча алып чыгууга чектөө киргизилди

Орусиядан Кыргызстан жана бир катар жакынкы чет өлкөлөргө 1 миллион рублдан ашык накталай акча алып чыгууга тыюу салынды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы Владимир Путин кол койгонун орусиялык басылмалар жазышууда.

Чектөөгө Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстанга чыгып жаткан жеке жактар кирет.

Белгиленген суммадан ашык акча алып чыгууга аракет жасалса, лимиттен ашкан сумма алынат. Эсептөөдө чек арадан өткөн күндөгү Орусиянын Борбордук банкынын расмий курсу колдонулат.

Атайын тартип менен алып чыгууга уруксат берилиши мүмкүн.

Жаңы тартип Орусиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө накталай рубль алып чыгууга байланыштуу 1-апрелден бери колдонулуп келген эрежелерди толуктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан