Ош эл аралык аэропортунда аянты 25 миң 443 чарчы метр болгон жаңы аэробекеттин курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу 29-сентябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Жаңы аэробекет комплекси эки кабаттан жана жертөлөдөн турат. Ошондой эле 650 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай каралган. Комплекс жылына 5 миллиондон ашык, ал эми саатына 900 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталган.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев объектти жеринен көрүп, тиешелүү жетекчилерге иштерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу жана ыкчам жүргүзүү боюнча тапшырма берди.
Белгилей кетсек, Ош эл аралык аэропорту 1974-жылы курулган.