Бүгүн, 29-сентябрда Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековго мүлкүн конфискациялоо менен 2 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Активист Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.
Айта кетсек, Аскарбеков 13-июнда УКМК тарабынан кармалган. Ал социалдык тармактардагы баракчасынан чет өлкөлүк жарандар тууралуу билдирүүлөрдү жарыялап келген. 28-сентябрда мамлекеттик айыптоочу аны 4 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.